Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад облустук милициясына унаа тапшырды. Бул тууралуу  облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  унаа Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын алкагында тапшырылды.

Белгиленгендей, облустук милицияга 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.