«Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат», деп билдирди президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыыгна арналган салтанаттуу иш-чарада.

Президент өз сөзүндө азыркы учурда дүйнө өлкөлөрү сыяктуу эле мамлекетибиз да жаңы чакырыктарга жана кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айтты.

«Биз дүйнөлүк экономикалык кырдаалдан, жумуш орундарынын жетишсиздигинен, эмгек миграциясынан, ошондой эле саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөрдөн улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктарга кириптер болдук.

Мындан тышкары, биз жаратылышты жана анын ресурстарын келечек муундар үчүн сактоону камсыздоо аркылуу экологиялык саясатыбызды өнүктүрүүнү улантышыбыз зарыл. Андыктан айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында аракеттерибизди күчөтөлү.

Учурда дүйнө COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, климаттын өзгөрүшү, терроризм жана экономикалык кризистер сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Биз биргелешип аракеттенгенде гана бул көйгөйлөрдү жеңип, жарандарыбызга тынчтыкты, туруктуулукту жана бакыбаттуулукту текши камсыз кыла алабыз», — деди президент.

Мамлекет башчысы ошону менен катар эле өлкө экономикасын өнүктүрүү жаатындагы аракеттер улантылып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу керектигин баса белгиледи. Айрыкча инфратүзүм, анын ичинде жол, энергетика жана транспорт тармактарын өнүктүрүү маанилүү.

«Мындан сырткары, жарандарыбыздын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө, сапаттуу билим алуусуна жана ден соолуктарына кам көрүлүшүнө, калктын аялуу катмарынын укуктарын корголуусуна олуттуу көңүл буруу зарыл.

Санарип доордо маалыматтык технологияларды өнүктүрүү менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу аркылуу мамлекет менен элдин өз ара байланышын кыйла жогорку деңгээлге чыгаруу дагы зарыл иштерден болуп саналат.

Жарандар менен бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдар менен мамлекеттик уюмдарга кайрылууда кыска убакыт жана аз күч жумшай тургандай, эң башкысы иштин натыйжасын, үзүрүн бере турган чечимдерди иштеп чыгууга дагы активдүү катыша тургандай шарттар түзүлүшү керек.

Дебюрократизация коомдун жашоо-тиричилигинин бардык аспектилерине жетүүгө тийиш!

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарыбыздын укуктарын коргоого жана мыйзам алдында теңдигин камсыз кылууга милдеттендирет. Биз бардык жарандарыбыздын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жарандык эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу үчүн күч-аракетибизди жумшообуз керек.

Конституциянын дагы бир маанилүү аспектилеринин бири улуттук маданиятты жана тилдерди коргоо, сактоо, өркүндөтүү болуп саналат. Келечек муундарыбыз маданиятыбыздын бийиктиги жана тарыхыбыздын тереңдиги менен сыймыктанышы үчүн бай маданий мурасыбызды, даңазалуу тарых-таржымалыбызды, ата-бабалардан калган нарк-насилибизди сактап, барктап өткөрүп беришибиз керек.

Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет экенин, биз көп түрдүү маданиятыбызды, тилдерибизди баалашыбыз керектигин дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин! Көп түрдүү маданиятыбыз – бул биздин байлыгыбыз жана биз аны андан ары да өнүктүрүүгө жана сактоого тийишпиз.

Кыргызстандын ар бир жаранын жарандык жоопкерчилигин аңдап-сезип, мамлекеттин турмушуна жигердүү катышууга чакырат элем. Ошондо гана биз Кыргыз Республикасы үчүн салым кошуп, ийгиликтерди жарата алабыз. Бул өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды дегенди түшүндүрөт.

Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

♦Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.