Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун (КФС) жаңы административдик имараты ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жетекчиси Жанни Инфантино катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө КФБнын жаңы административдик кеңсесин куруу долбоору ФИФАнын спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле Кыргыз футболдук союзунун өлкөдө футболду мындан ары да жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландары бар экенин кошумчалады.

Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик имараты ФИФА долбоорунун колдоосу менен курулган.

Белгилей кетсек, Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен биринчи жолу Кыргызстанга келди. Иш сапардын алкагында ФИФАнын башчысы президент Садыр Жапаров менен жолугушат.

Жолугушуулардын алкагында эл аралык уюмдун КФС демилгелерин колдоо, тактап айтканда, өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана атамекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.