Турмушка туруштук берип, тайгак жолдордон өтчү убакыт башыңа келерде ал сенин курак жашыңа карабайт экен. Кези келгенде мүнөттүн ичинде чоңоюп, көз карашың өзгөрүп, олуттуу маселени чечип, эки ортодо чайналып калган убак дал менин 20 жашыма туура келди.

Бир капталымда атам “балам, сени бактым, эрезеге жеткирдим, оюң менен болдум менден кетпе” десе. Бир капталымда апам “балам, сени узак жылдар көрбөй алыста ысык-суукта тоңуп, соода кылып акча салып турдум” дейт. Болгондо да сага эң жакын болгон адамдардын ортосунда эрезеге жеткен кезде кучагыңды кенен жайып эки жакка тартылып турган жаман экен.

Туура, атам мени 5-класстан баштап жалгыз чоңойтту. Апам ошол жылдары эл катары оокат кылалы деген болуп Москвага иштегени кеткен. Алгач биз менен сүйлөшүп жүрдү. Кийинчерээк ар кандай ушактар тарап, атам менен апам телефондо эле урушуп калышты. Апам мен үчүн гана акча салып турду. Бирок бир да жолу келген жок. Мен мектепти бүткөн жылы да келбеди, студент болдум. Шаарга окууга келдим, айылда атам жалгыз калды. Апам анда да келген жок. Мына эми үчүнчү курстан төртүнчү курска өтүп жатканда апам Москвадан аварияга учурап, бир буту жок келди. Жакында каникул болот, келип мени кара деп жатат. Атам болсо айылдан чакырат «чөп чаап, айылда иштер көп мага жардамдаш кайра эле келерки жылкы окууңа мал сатып окутам» деп.
Бир жактан апам сени төрөдүм, өстүрдүм, кийим-кечеңе акча салып турудум, сени деп, сенин келечегиң үчүн кеткем дейт. Ортодо аябай кыйналып турам. Атамды аяйм, эсимде бир ирет мектептен балдар менен мушташа кетип кийимдеримди айрып келдим. Анын баарын жууп, тигип, тамак-ашымды жасап, эне ордуна эне болуп чоңойтту. Ал кездери мен апамды сагынат элем. Ага таарынат элем. Бала кыялымда самолет менен Москва деген чоң шаарга учуп барып, апамды таап туруп, кайрадан айылга алып келип, атам экөө менен чогуу жашаарын самайт элем. Азыр дал ошол таарыныч менен атама айылга кетейин десем, бакыт издеп, жакшы жашоону эңсеп иштегени кеткен апамды да аяп кетем. Атам кээде кобурана берер эле, эл катары оокат өтүп жатат, апаң обу жоктонуп эле эжесинин сөзүнө кирип кетип калды деп. Ошол нерсе мээме сиңип калыптыр. Алгач сагынып жүрүп, анан куса болуп таарынып жүрүп апама деген жүрөгүмдө бир тоголок нерсе бар. Кандай айла жасарды таппай турам, колумдан келсе экөөсүн кайра элдештирип, чогуу жашасакпы деп да ойлойм. Ага атам көнбөйт го. Ата менен апа уруша кетсе ортодо балдар эле кыйналат экен.

Эми мынтип мен кол арага жараганда экөө эки жактан талашып жатат. Кандай кылсам. Кандай айла тапсам экөөн тең таарынтпайм…

Жазгүл Баяналиева

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.