Ички иштер министри Улан Ниязбеков россиялык кесиптеши Владимир Колокольцев менен укук коргоо тармагындагы маалыматтык кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер бүгүн Москвада жолуккан. Тараптар ички иштер органдарына караштуу маселелер боюнча электрондук түрдө өз ара иштешүү жана маалымат алмашуу жөнүндө макулдашкан.

Аталган келишим ыкчам-кызматтык иштин ар кандай багыттары боюнча эл аралык укуктук базанын алкагында координацияланган иштин заманбап механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Колокольцев кадрларды даярдоо жаатында, анын ичинде киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.