Былтыр Баткенди өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каралган 500 миллион сом өздөштүрүлгөн жок. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Календеров парламентте билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-августунда чечим чыгып, Баткен менен Лейлек райондоруна 125 миллион сомдон бөлүнгөн.

«Райондук администрация, айыл өкмөттөр «сатып алуу процедуралары боюнча мүчүлүштүктөр болуп жатат» дегенинен консультацияларды берип жатканбыз. Бирок эмнегедир министрлер кабинети токтому менен багыттарын көрсөтүп берип турса дагы белгисиз себептерден улам каражат өздөштүрүлбөй, кайтып келген. Баткенден толугу менен кайтарылды, Лейлек районунан 41,8 миллион сому гана колдонулган. Тилекке каршы, жакшы көрүнүш болгон жок. Быйыл жыл башында эле бөлүндү, мындай иштер кайталанбашы керек. Сатып алуулар мыйзамына шылтоо кыла турган болсо, азыр аны да жөнөкөйлөштүрүп жатабыз», — деди Календеров.

Депутат Улугбек Ормонов көптөгөн ишкерлер аймакты өнүктүрүүгө багытталган иштерди жасоо үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилеринен каражат ала албай кыйналып жатканын айтты.

«Мамлекет бөлгөн акчаны өзүнүкүндөй көрүп бербей койгон жетекчилердин жоопкерчилигин караш керек. Министрлер кабинетинин төрагасы муну изилдеп, так айтсын. Даяр акча турса, жетекчилер жоопкерчиликти моюнга алуудан коркуп бербей жүрөт. Ишкерлер райондук администрациянын тегерегинде чуркап жүрүшөт. Быйыл да акча бөлүнгөн, дагы ушундай кайталанышы мүмкүн», — деди Ормонов.

Ал эми эл өкүлү Ырысбек Атажанов былтыр Кадамжай районунун Кызыл-Кыя шаарына каралган каражатты бербей коюшканын билдирди. Жергиликтүү бийлик бүт долбоорлорун даярдап алып күтүп жатканын белгилеп, «быйыл акча бөлүнөбү?» деп сурады.

«Бүгүнкү күндө 300 миллион сом бөлүндү. Каражат президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн эсебинде турат. Алар каражатты эффективдүү иштетүүнү колго алышы керек. Эгер баарын өздөштүрүп бүтүрүшсө дагы 200 миллион сомун беребиз», — деди финансы министринин орун басары.

Өз кезегинде депутат Марат Мураталиев каражатты өз убагында өздөштүрбөө дагы кылмыш экенин айтып, мындай жетекчилерди жазалоого үндөдү. Бирок ошол эле учурда Финансы министрлигин жыл соңунда каражатты бөлүп, кайра жаңы жылда кайтарып алып алмайын токтотууга чакырды.

Анда Календеров Бюджеттик кодекстин талабы боюнча өздөштүрүлбөгөн каражат жыл соңунда кайтарыларын айтты.

Булак: Спутник кж