Нарын токой чарбасынын аймагындагы Желе-Карагай тилкесинде 5 гектар жерге 5,2 миң түп кызыл карагайдын көчөтү отургузулду.
Токой чарбасынан билдиришкендей, акция “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын токой чарбасынын жана “Студенттер жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.