“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы жана адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Манас — Кара-Буура секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаамектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталды.

Кара-Буура районундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаамектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды.

Жогорудагы факты боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура — Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. кармалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.