Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ТМУнун эл аралык аренадагы күндөн күнгө өсүп жаткан ролун жана Уюмдун башкы катчысы жооптуу кызматындагы Кубанычбек Өмүралиевдин жүргүзүп жаткан жемиштүү ишин белгиледи.

ТМУнун башкы катчысы өз кезегинде Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, 2023-жылга карата пландары, ошондой эле түрк кызматташтык институттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ал 2024-жылы Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктарга, ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча башка эл аралык уюмдар менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө өзгөчө көңүл бурду.

Садыр Жапаров менен Кубанычбек Өмүралиев ТМУга мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.