Дил маекЖаратмандар

А. Дооров: «Чек арада жашаган элге үй менен акчадан мурда бекем чеп керек…»

Жакында кичи мекеним Лейлек районуна барып, быйыл жетимиш жылдык юбилейин белгилөө алдында турган акын, журналист, райондук “Атажурт-Лейлек” гезитинин редактору Абдилаат Дооровдун иш бөлмөсүнө баш багып, чыгармачылык жолу, азыркы кыргыз поэзиясы жана Тажикстандын аскердик агрессиясы тууралуу  маектештик.

(2-маек)

— Абдилаат Доорович, Сиз өмүр боюу журналистика тармагында иштеп,  поэзиянын туусун көтөрүп келатасыз. Бир аз өткөн өмүрүңүзгө саресеп салып көрбөйсүзбү.

— Туура айтасың, мен бүткүл өмүрүмдү журналисткага арнадым. Ошону менен бирге бир канча жылдардан бери чыгармачылыкта колумдан келишинче аракет кылып келатам. Бир мезгилдерде “Учкун”, “Жалын” деген альманахтарга ырларыбыз жарыяланчу. Биздин муунда Шайлообек Дүйшеев, Карбалас Бакиров, Нуралы Капаров, мыкты кыздарыбыз Айгүл Узакова раматылык, Мая Осмонкулова баарыбыз бир кезде дүркүрөп чыкканбыз. Азыр болсо китебибизди өзүбүз чыгарабыз, өзүбүз көтөрүп сатабыз. Бул деле өзүнчө чоң түйшүк. Басмакана акчаң болсо чыгарып калбадыбы. Ошол акчаны табыш керек же болбосо бир тууганыңа барып жалынасың. Ар ким эле жардам бере бербейт экен. Сенин чыгармаңды окуган адамдар азайып кетип жатат. Мен поэзияга алгач баш баккан бир кездерде Жолон Мамытовдун, Турар Кожомбердиевдин, Сагын Акматбековалардын мезгилинде ырга, поэзияга өтө чоң маани берилчү.

— Кошуна өзбек калемдештериңиз менен да бүгүнкү күнгө чейин кызматташып, байланышып турсаңыз керек. Алардын акын, жазуучуларынын абалы кандай экен? Мамлекети көңүл бурат бекен же биздегидей рыноктун ырылдаган катаал шартына таштап коюптурбу?

— Эмилбек үкам, менин айталбай жаткан, көкүрөгүмдө кайнап турган суроону бердиң. Ооба, өзбек калемдештер менен байланышып, ар кандай адабий иш чараларда катташып турабыз. Алардын мамлекети азыр деле чыгармачыл адамдарга өтө жогору маани берет экен. Жогоруда мен айткан бир кездеги чыгармачыл адамдарга камкордук өзбек туугандарда сакталып калыптыр. Ташкентте президенттик имараттын жанына үч кабаттуу  жаңы имарат куруп берди. Аларда төрагадан башка беш катчы иштейт. Поэзия, проза, драматургия, котормо боюнча өзүнчө. Бул деген чыгармачыл адамдарга карата өтө чоң колдоо. 324 акын, жазуучулардын 30%на бекер квартиралар берилди. Дагы 30%ына жеңилдетилген баа коюлуп, калгандарына узак мөөнөттүү жеңлдик каралган. Бул өзбек жазуучуларына өтө чоң моралдык жана материалдык колдоо болду.

Азыр “Түрк дүрданалары” деп аталган 100 томдук чыгармалар жарык көрүп жатат. Биздин кыргыз жазуучуларынан ага мен, лейлектик дагы бир таланттуу акын курбум Атакул Жакыповдун ырлары, бир канча жазуучуларыбыз: Султан Раевдин, Абдиламит Матисаковдун, Бейшебай Усубалиевдин, Мырза Гапаровдун аңгемелери киргендигинен кабарым бар. Мына карасаң, алар алдыга кетип атат. Мындан тышкары Өзбекстанда 12 облус, Каракалпакстан менен 13 облус болсо, 13 облустук бөлүмдөрдүн төрагаларына кызматтык “Leksus” машина берген. Ар биринде 4-5 штаттык бирдикке бюджет бекитилген. Алар борбору Ташкенттен тышкары облустардагы жазуучулары менен да иштешип жатат. Бул чыгармачыл адамдарга мамлекет тарабынан көрүлгөн өтө чоң камкордук. Ал эми ар бир акын, жазуучунун жарыяланган чыгармаларына мамлекет калем акысын да төлөп берип атыптыр.

— Бирок биздеги абал кандай болууда?

— Бизде болсо Жазуучулар союзу өзүнүн үйүндө өзү ижарада отуруп, бир жарым миллион сом карызга батып, ал жакында араң жоюлду. Бул деген уят да. Жазуучулар союзунун үйүн сатып жиберүү эмне деген шермендечилик. Өткөн 30 жылдык тарыхыбызда адабиятыбыз ушундай бир аңга кулап түшкөн экенбиз да. Ошондуктан биздин жазуучуларга да мамлекет көңүл бурушу керек. Көркөм чыгарма – акылдын уюткусу. Ооба, азыр саман саман китептер чыгып, кагаз кор болуп  жатат. Типографиялар акчасын алып байып кетти. Окусаң, мазмунунда эч нерсе жок. Мындай продукциянын кимге кереги бар? Азыр бизде чыгармаларды тандоо деген жок болуп калды. Көркөм адабияттын деңгээлин билбегендер көбөйүп кетти. Айрым адамдар көркөм чыгарма жазбай эле Эл жазуучусу болуп жатат. Көркөм адабият менен мектеп окуучуларына окуу китебин жазгандардын чоң айырмасы бар. Мындай китеп жазып, жомокторду которуп Эл жазуучусу болгонго эч кимдин акысы жок. Аларга таң калып атам. Мына, жакында Абдиламит Матисаков Кыргыз эл жазуучусу болду. Сонун жазуучу. Тынчтыкбек Нурмамбетов Кыргыз эл акыны болду, ал да жакшы акын.

Баарынан таң каларлыгы, төкмө акындардын беш-алтоосу Кыргыз эл акыны болушту. Көрүнгөн жерге эле барып, көргөнүн жорго тилге салып айтып койгондор Кыргыз эл акыны болуп кетишти. Бизде философия, көркөм адабият деген баалуулуктун өз орду болбой калды. Көркөм адабият ойлонуп-толгонуп, түйшөлүп жазылат. Мына, Алыкулдун ырлары кандай керемет. Бир эле “Атажурт” деген ыры эмне деген маани менен көркөмдүктү өзүнө батырып турат. Же болбосо Жолон Мамытовдун чыгармаларын алалы. Жолон акенин да “Атажурт” деген ырында:

Атажуртум, бүтпөс ырым өзүңсүң,

Өмүр сен деп, жүрөк сен деп эзилсин.

Даңкан жарган кылымдардын урааны,

Ар бир баскан кадамыңдан сезилсин.

Азыр акимди же акчалуу бирөөнү мактап коюп эле Кыргыз эл акыны болгондор көбөйүп кетти. Ал эми алардын ошол ырларын эл окуйбу? Эл акыны элге жаккан ыр жазыш керек. Анда философия, чоң көркөмдүк болушу зарыл.

Жолон акенин дагы бир ырын окуп берейин:

Жолугуп жылдардын бир жылдарында,

Кайырсыз айлардын бир айларында.

Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,

Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Азыр кана ошондой поэзия? Жок мындай ырлар. Мен таппай атам. Азыр ыпыр-сыпыр ырлардын арасында калдык.

— Кийники муундан же жаштардан көзгө көрүнгөн таланттуулары барбы?

— Азыркы кыздардан бир-экөөсүн билем, жакшы жазып жатышат. Сагын Акматбекова эжебиздин артынан кела жаткан акын кыздарыбыз жок эмес. Алар Нарсулуу Гургубаева жакшы акын, Нуриза Өмүрбекова, Фатима Абдаловалар жакшы акындар. Бирок жаштардан мындан башкаларын көрө албай жатам. Жаштарды көтөрөбүз деген менен алар өздөрү чыгыш керек өрт болуп, жалындап. Жолон Мамытовду, Турар Кожомбердиевди  ким көтөрдү? Эч ким көтөргөн жок. Алар адабият аренасына өздөрү атылып чыгышты. Аты бар, чыгармасынын маани, мазмун, философиясы жок акындарга үстү-үстүнө сыйлыктарды берип жатышат. Бирок деңгээли жок. Албетте, бул айтылгандар менин жеке пикирим.

Мына, өзүң көрдүң, сенин алдыңда эле Атакул Жакыпов менен сүйлөшүп отурдум. Ал өтө нааразычылыктарын айтты. Канча жылдардан бери Атакул сонун ырларын жазып келатат. Ал президенттин Ардак грамотасын да алган жок. Айылда, мугалим болуп жүрөт. Бирок сонун ырларды жазып жатат. Же обончу Хабибилла Азиреткуловдун ырларын алалы. “Апалар, ыйлабагыла” деген эки сөзү эле жүрөктү титиретет. Бул ыр Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгында гимн катары ырдалды. Эмне үчүн ага сыйлык берилбеш керек? Бул ыр жөн эле жазылган жок, жүрөктөн чыкты. Жүрөктөн жазылган ыр өлбөйт. Тилекке каршы жүрөктөн чыккан ырларды таппай калдык, бар, бирок өтө аз.

Дагы бир замандашыбыз Калчоро Көкүлов жөнүндө айткым келет. Сонун акын. Нуралы Капаров, Эсентур Кылычовдун жакшы ырларын окуп ыраазы болуп калдым. Ушундай акындарыбыздын катары көбөйсө экен деген тилек айткым келет. Себеби биз да элге жакшы нерсе таштап кетели деп аракет кылабыз.

— Сиз экөөбүз Лейлектин кулуну катары бул темада сүйлөшпөсөк болбойт.  Тилекке каршы акыркы эки жыл боюу катары менен кошуна Тажикстандан күтүлбөгөн жагдайда кол салуу болду. Анын себебин билебиз. Бүгүнкү күндө абал, элдин маанайы, жашоо турмушу кандай?

— Менин эки чек арачы иним бар. Алар айтып калышты, менимче чындык болсо керек. Достуктагы чек ара бекетинде кызмат өтөшөт. “Биз эки саат гана туруштук беришибиз керек эле, кошумча жардам келгенче жети саат туруп калдык…”,- деди.  Эч качан мындай болбош керек. Мамлекет жетекчилерибиз көңүлүн бизге бурса. Азыр Кыргызстанда эң кооптуу аймак Баткен облусу болуп калды. Кошуна тажик туугандарга мен бала кезимде эле атабыздан бир-эки сом алып Ленинабад, Гафуровго барып, бир балмуздак жеп же чайханадан чай ичип келчү мезгилдерибиз болчу эле.

Ушундай эки тараптын эли ынтымактуу элек. Өз учурунда жогорку жетекчилик чек арага катуураак кирише албадыбы дейм. Чек араны тактап койсо ушундай кайгы, жоготуу болбойт беле? Бир нече мекенчил балдар, кыздарыбыздын өмүрү кыйылып кетти. Ошого жол берилбеш керек эле. Мындай капилет кол салууну тиешелүү мамлекеттик органдар да байкабай калдыбы, мен түшүнбөдүм. Ушуга биз кичине кайдыгер мамиле кылып калдыкпы, кандай десем да болбойт. Бирок мындай кайгылуу окуя эми кайталанбаш керек.

Бизде аскердик база болбосо болбойт окшойт деген ой пайда болду менде. Эки жолу элүү миңден эл жапырт жогорку зонага качты. Айрымдары Ошко, Бишкекке качты. Бул качкан менен болбойт да. Бечара эл баарына чыдап атат. Бирок колунда күчү, билегинде каруусу бар жаштардын көпчүлүгү үй-бүлөмдү багам деп Москвада, миграцияда жүрөт. Ал эми айылда негизинен жаш балдар, аялдар, кары кишилер калды. Булардын колунан эмне келет?

Президентибиз, Жогорку Кеңешибиз, Министрлер Кабинетибиз бизге жакшы эле жардам берип жатат, бирок күч жагынан жардам сөзсүз керек. Канча үйлөрүбүз, мектептерибиз, бала бакчаларыбыз, мамлекеттик мекемелерибиз кайра-кайра өрттөлүп, жабыр тарттык. Канча элибиздин мүлкүн талап кетишти. Элге рахмат айтышыбыз керек. Элибиз дагы эле үй-жайын таштап кеткен жок. Өзүнүн киндик каны төгүлгөн жерден ким кеткиси келет?

Президентибизге рахмат, чек ара айылдарында жашаган мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, чек арачылардын, милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп берди. Кийинки кезде Баткен облусуна каржылык жактан көп жардам берилип жатат. Анткен менен чек ара бекеттерине дагы да болсо күчөтүлгөн камкордук болуш керек. Кечээ жакында үйлөрүнө кире албаган адамдар менен сүйлөшкөнүмдө алар айтышты, мейли январда, февралда, мартта деле бүтпөсүн, бирок качан бүтсө да сапаттуу болсун деп суранышты. Бүгүнкү күндө элибиз сапатка карап калды. Болочокто бизди карайт, багат, тукум улайт деген балдарынан ажырап калышты. Канча кыз балдарыбыз эки-үч бала менен жесир калды. Бул ошол үй-бүлөнүн эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин чоң кайгысы.

Ошол кайгы эми үчүнчү ирет кайталанбасын деп колубуз жакабызда. Себеби чек арада жашоонун өтө көп түйшүгү бар экен. Кооптуу экен. Рахмат биздин элибизге, кандай гана азап күндөрдү баштан өткөргөн жок. Качканда да чоң жол менен жүрө албай, тоо менен жөө-жалаң, машина менен качышты. Себеби асфальт жолдор тажиктерге жакын экен да, алар ошол жакка, тоолорго курал менен туруп алышты. Ошондуктан бизге таасирдүү чоң күч керек. Ошол күч туруш керек. Бир чымчык эмес, бир кадам жасалса да аларга татыктуу жооп бере турган болушубуз керек. Ошондо гана эл коркпой, качпай чек арада жашайт. Азыр көбү Бишкекке кетип калды. Элди чек арада кармап калуунун бир гана жолу ушул.

Маектешкен Эмилбек Момунов,

Бишкек-Раззаков-Бишкек.

Булак: kg.eurasiatoday.ru

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button