Кыргызстандын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында 2,7 млрд долларды түздү, деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев.

Анын айтымына караганда, бул 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 25,4 пайызга көп, мында экспорттук жөнөтүүлөр 15,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,4 пайызга көбөйдү.

«ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында 825,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 13,3 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 14,6 пайызга кыскарган», — деп түшүндүрдү ал.

Төраганын орун басары 2023-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61,2 пайыз) жана Казакстанга (36,2 пайыз) туура келгендигин кошумчалады.