Үстүбүздөгү жылдын айында Кумтөрдөн салыктык, салыктык эмес жана фондорго болгон төлөмдөр менен жалпысынан 6,6 млрд сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Которулган каражаттардын басымдуу бөлүгү – 2.8 млрд сом – алтын өндүрүүчү компаниянын дүң кирешесине салык. Ошондой эле, Кумтөр Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө 132 млн сомдон ашык салым кошкон.
Эске салсак, ушул эле мезгилде алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешесине салыктын жалпы суммасы 2 млрд сомдон бир аз ашты.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кыргызстандын бюджетине 32.1 млрд сом салыктарды, Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которгон.