Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Марафонго 20дан ашык өлкөдөн 3000дөй адам катышты. Ошондой эле Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар жарышышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Шохрух Давлатов, Өзбекстан (02:17:39);

2-орун – Мунгбаяр Нарандулам, Монголия (02:21:57);

3-орун – Юндженг Хуан, Кытай, (02:23:17).

Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Евгения Профокиева, Украина (02:39:32);

2-орун – Кишисахан Галбадрах, Монголия (02:42:24);

3-орун – Гүлшаной Сатарова, Кыргызстан (02:43:33).

Абсолюттук категорияда аялдар арасында 21 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Мария Коробицкая, Кыргызстан (1:18:4);

2-орун – Айнуска Калил кызы, Кыргызстан (1:19:1);

3-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан (1:19:17).

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Нурсултан Кеңешбеков, Кыргызстан, (01:9:37);

2-орун – Петер Маллой, Улуу Британия, (01:9:54);

3-орун – Сергей Платонов, Беларусь, (01: 9: 58).

Абсолюттук категорияда аялдар арасында 10 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Екатерена Алексеева (44:14);

2-орун – Жанат Нурбекова (45:22);

3-орун – Рамина Абдыходжаева (46:15).

Абсолюттук категорияда аэркектер арасында 10 км аралыкка чуркоо:

1-орун – Сергей Краучения (32:03);

2-орун – Мусулман Джоломанов (32:29);

3-орун – Самат Казакбаев (32:47).

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42 км, 21 км, 10 км аралыктарда эркектер жана аялдардын арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана майыптыгы бар адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.