Алмата шаарында дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекеттеринин ири инвесторлорунун эл аралык конференциясы өз ишин баштады. Анын алкагында, Азия жана Тынч океан регионундагы өнүктүрүү институттар Ассоциациясынын (ADFIAP) катышуучуларынын 46-жолугушуусу өтүп жатат.

Конференциянын ишине 40тан ашуун мамлекеттен 240 делегат, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары-финансы министри, ЕАӨБнын
Казакстандагы өкүлүнүн орун басары Ерулан Жамаубаев Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жолдоп, иш чаранын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Конференциянын биринчи сессиясы “Инвестициялар Борбор Азиянын туруктуу өнүгүшүнүн күчү: өнүктүрүү институттарынын ролу жана багыттары” аталышын алган. ЕАӨБ Башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузнов банктын Борбор Азиядагы аракеттери жөнүндө айтып, анан Кыргызстанга кошуп жаткан салымын белгилеп өттү.

“Акыркы 2 жылдан бери Кыргызстан менен кызматташтык активдүү жүрүп жатат. Өлкөлүк өнүктүрүү стратегиясынын алкагында ири инвестициялык колдоолор көрсөтүлүүдө. Өнөктөштөр менен биргеликте 50 млн доллар, “Кант цемент” заводуна 40 млн доллар инвестиция салынат, аны менен катар “Айыл банк” менен да кызматташтык жөнгө салынып калды. Ал эми “Камбар Ата — 2” ГЭС боюнча, учурда долбоор даярдалып жатат. Техникалык-экономикалык жагдайлар иштелип чыккан соң, каржылоо маселелери карала баштайт. Анын көлөмү долбоорго катышуучулардын арасында бөлүнүп, 2-3 млрд.долларга эсептелет” деди Подгузов.

Эске салсак, быйыл ЕАӨБ “Куланак ГЭСин” куруу боюнча “Нарын өндүрүш ишканасы” менен келишим түздү. Бул ЕАӨБ Борбор Азиядагы суу-энергетикалык комплекси багытындагы мега-долбоору. ГЭСтин курулушу 18 млн.долларга эсептелген.