Апрель айында Улуттук банктын кору 2 миллиард 446,8 миллион сомго азайды.

Башкы банктын сайтындагы маалыматтар:

апрелдин башына карата — 86 миллиард 950,4 миллион сом;

майдын башына карата — 84 миллиард 503,6 миллион.

Эмнеге мындай болуп түшүп кеткени түшүндүрүлгөн эмес.

Алтын менен доллардын курсу кандай болуп өзгөрдү

1-апрелден 1-майга чейин Кыргызстанда доллардын расмий курсу 10 тыйынга өстү. Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги (алтынга болгон дүйнөлүк баа, ал күнүгө жаңыланып турат) бул мезгилдери бир аз өзгөргөн.

Алтын корунун өйдө-ылдый болуп турушу

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду чапчыган. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн. Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады. Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп жатты, бирок негизинен өсүү байкалган.