Бишкекте КР экономика жана коммерция министрлиги менен «Евразия Индастри» (Ляонин) компаниясынын ортосунда з ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, меморандумга министр Данияр Амангелдиев жана «Евразия Индастри» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Цзян Юйсян кол койду.

Тараптар белгилегендей, бул Меморандум Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы энергия булактарын (электромобилдерди) пайдалануу менен автомобилдерди жыйноочу заводду куруу, анын ичинде электромобилдерди тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө өз ара кызыкчылыкты карайт. Өлкөдө электромобилдерди тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана электромобилдердин аккумуляторлорун алмаштыруучу станциялар бар.

Меморандумдун алкагында “Евразия Индастри” компаниясы Бишкекте электромобилдерди жыйноочу заводдун курулушуна инвестиция салууну пландаштырууда, мында:

— инвестициянын көлөмү 150 млн долларды түзөт;
— 500 жаңы жумушчу орун түзүлөт;
— өндүрүштүн пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5000 (беш миң) электромобилди түзөт.