Кант шаарынын жанындагы Дмитриевка айылындагы атышуудан күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн эртең менен күч түзүмдөрүнүн куралчан кылмыштуу топту кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланган. Анда эркек кишилердин тобу медресени курчап алганы айтылган.

«Жарадар болгон эки кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Экинчиси Улуттук госпиталга жеткирилүүдө», — деп айтылат министрликтин маалыматында.