Жол кыймылынын айрым эрежелерине салынган айып пулдардын жогорулагандан кийин жол эрежесин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мас абалында унаа башкаргандар, коопсуздук курун тагынбагандар кыйла азайган.

Анын ичинен:

— төрт айда ылдамдыкты ашыра айдаган 41 миң 938 айдоочу аныкталса, былтыр ушул убакытта 45 миң 200 айдоочу аныкталып, жол эрежесин бузуу 3262 фактыга азайган.

— мас абалында унаа башкаргандардын саны төрт ай ичинде 3245 факты аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 784 фактыга азайган (2022-жылдын 4 айында 4029 факты);

— коопсуздук курун тагынбай унаа айдагандардын саны быйыл төрт ай ичинде 95 миң 628 айдоочу аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 14 миң 871 фактыга азайган «2022-жылы 110 миң 499 факты);

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын 8-мартынан тартып жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө айып пулдардын көтөрүлгөндүгүнүн себебинен Кыргызстанда жол эреже бузуу фактыларынын бардык түрлөрү азайууда.