Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитине катышат.

Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсү менен жолугушуулары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Айгүл Жапарова – президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Актилек Мусаева – Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Айбек Жунушалиев – президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Азамат Осмонов — президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;

Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Талантбек Иманов — санариптик өнүктүрүү министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Таалайбек Ибраев — энергетика министри;

Умбриэль Темиралиев — президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Самат Исабеков — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;

Бакытбек Жетигенов — Ош шаарынын мэри.