“Kadam-media. кg” маалымат порталы жеке куржунга окурмандардан келген каттарды жарыялоону улантабыз. Бул ирет окурманыбыз өз башынан өтүп жаткан окуясы менен бөлүшүп, ар кандай жагдайда өз эрки менен чечим кабыл алган жакшы экен деген пикирин жолдойт. Катты өзгөртүүсүз беребиз.

Саламатсыздарбы “Кадам-медианын” жамааты. Менин атым аноним бойдон калсын. Азыркы менин башымдан өтүп жаткан кыйын жагдай көптөргө сабак болсун деген максатта сиздерге кат менен кайрылып жатам.

Кепти башынан баштасам мындан 7 жыл мурун турмушка чыккам. Жолдошум аябай жакшы адам эле. Бирок уулубуз төрөлгөн соң Россияга иштегени кетип ошол жактан аябай өзгөрүп келди. Кийин билсем ал жактан жаш эле кызга үйлөнгөн экен. Акырында эки башка жолго түштүк. Туугандарым “кантсе да балаңдын атасы баарына чыда, акыры жеңесиң” деген пикирлерин айтышты. Анын кылыктары көңүлүмө катуу тийгендиктен кайра элдешүүдөн баш тарттым.

Ошентип арадан 4 жылдай убакыт өттү. Таежелерим, эжелерим “ушинтип жалгыз жүрө бербей турмушка чык, азыр балаң жаш, өмүр бою жалгыз жүрмөк белең” дешип, ар ким менен тааныштыра башташты. Алар улам-улам ушундай сөздөрдү айта беришип  мээме сиңдирип салышты. Акырында  көңүлүмө төп келген бирөөгө турмушка чыктым. Башында баары жакшы болду. Качан гана мен баламды өзүмө алганда анын кыялы чыгып, мамилеси өзгөрө баштады. Балам да ага көнө албай “апа кетели” деп баштады. Убакыт өтсө тил табышар деп чыдап жүрө бердим. Бирок экөөнүн тил табышар түрү жок. Биринен өтүп бири кызганып турушат. Жолдошума “сен мени аларда айттым эле го балам бар,  ал мени менен жашайт деп, өзүң макул болбодуң беле” десем,  “мен балаңды минтип элестеткен эмесмин, кыялы ит экенин кайдан билдим” дейт. Балам жакшы бала, кыялы да жакшы болчу. Качан гана мен экинчи ирет турмушка чыкканда анын да кыялы өзгөрдү.  Азыр эми баламды алып кетип калайын десем боюма болуп калды. Эки ортодо ойлонуп турам. Баланы алдырган жакшы эмес, кетип калайын десем эки баланы жалгыз кантип багам. Келечекте экөө ынтымак боло алабы ошол да мени түйшөлтүп жатат. Өзүмдү тилдейм, элдин сөзүнө неге кирип, неге эрге тийдим деп.

Ошондуктан кымбаттуу айымдар, асылдар экинчи ирет турмушка аттанаарда  аябай терең ойлонуңуздар, эркек алганча баарына макул боло берет экен, качан гана жашап баштаганда кыялдары чыгат экен.

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.