Президент Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан жана Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындан сырткары, Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында эки тараптуу төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин — ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата кызматташуу программасы;

— Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытайдын Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия түзүү жөнүндө протокол;

— Бишкек шаары менен Тяньцзинь шаарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий баалуулуктарды уурдоону, жашыруун казууларды, мыйзамсыз ташып келүүнү жана чыгарып кетүүнү алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы авиациялык издөө жана куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен берилүүчү «Көчмө оорукана» долбоору боюнча Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп алуу актысы;

— Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы жогорку сапаттагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы;

— Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясынын ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өндүрүштүк кубаттуулукту жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги менен Кытайдын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Айыл чарбасы жана айыл министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташуу планы;

— Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытай медиатобунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «China Power International Development Limited» компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;

— Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы «Жибек жолунун алыскы шамалы» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу;

— Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Стандартташтыруу боюнча «Алкак жана жол» кесиптик билим берүү Альянсы эл аралык уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Universal Energy Co. Ltd» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компаниясынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «China Energy International Group Co Ltd» жана «China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd» компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Ош шаарынын мэриясы менен «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Шумкар УАК» ААКсы менен «Xian Yuanchao» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Мамлекет башчы сапардын алкагында «Кытай — Борбор Азия» саммитине да катышмакчы.