17-майдан тартып Бишкектеги «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында эркектер жана аялдар арасында аскердик мушташ боюнча республикалык мелдеш өтүүдө.

Спорттук иш-чараны Коргоо министрлиги Аскердик мушташ жана өзүн өзү коргоо федерациясы менен биргеликте уюштурган.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты жаштарды аскердик-патриоттук багытта тарбиялоо жана алардын арасында спортту үндөө болуп саналат.

Мелдешке Коргоо министрлигинин кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Мелештин финалдык этабы 19-майда өтүп, жеңүүчүлөргө спорттун чебери деген наам берилет жана андан кийин алдыдагы эл аралык деңгээлдеги мелдештерде өлкө намысын коргошот.