Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган мамлекеттик ишкананын директору инвесторлорду кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратуу менен коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын жана 2,5 млн сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Тактап айтканда, аталган директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 млн сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле экинчи шектүү «Б.А.Н.» пара менен кармалды.

Алынган далилдердин негизинде кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ага байланыштуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.