Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Жалал-Абад облусунда Дүйнөлүк банктын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана «CASA-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл облус аймагында Дүйнөлүк банктын, «CASA-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоору бир катар социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын айтып, натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле облустук бийлик кызматташуу аракеттерин улантып, жергиликтүү бийлик тарабынан да керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Белгиленгендей, «CASA-1000 Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо» долбоорунун биринчи бөлүгүндө облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы 20 айылдык аймакка 2 млн 343 миң 500 доллар өлчөмүндөгү инфестициялык грант каралган. Ал эми экинчи бөлүгүндө Аксы, Ала-Бука, Чаткал Тогуз-Торо райондорундагы 39 айылга 4 млн доллар өлчөмүндөгү инфестициялык каржылоо күтүлүүдө.

CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууга, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган. Долбоордун алкагында, керектүү электр тармактар комплексин модернизацияланып, жаңы подстанциялар жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын курулат.