Экономика
Кыргызстан жыл башынан бери 822 кг алтын сатты
2023-жылдын I кварталында Кыргызстан жалпы суммасы 50 млн 296,009 долларга 822 кг 137,4 грамм алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин документинде айтылат.
Сатып алган өлкөлөр:
— Кытай (Гонконг) — жалпы суммасы 9 млн 698,859 миң долларга 167 кг 882,1 грамм;
— Швейцария — жалпы суммасы 40 млн 597,15 миң долларга 654 кг 255,3 грамм.