Коом
23-майга карата аба ырайы
Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19…+24, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын жергесинде +17…+22 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +27…+29 градуска чейин көтөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.