Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Кытай тараптын демилгеси менен «Жибек жолунун алыскы шамалы» жана «Бишкек сүйүүсү» аталыштагы биргелешкен сериалдар тартылат.

«Жибек жолунун алыскы шамалы» сериалы 40 сериядан турат, бюджети 38 млн доллар. Тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат. Съемкалар Кыргызстан боюнча, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстанда да жүргүзүлөт.

Аталган сериалды КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кытайдын «Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» кинокомпаниясы менен биргеликте тартат.

Ал эми «Бишкек сүйүүсү» аталыштагы экинчи сериал канча сериядан турары жана тартуу иштери качан башталары азырынча белгисиз. Долбоордун бюджети 25 млн доллар. Сериал Кытайдын «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» кинокомпаниясы менен биргеликте тартылат.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен аталган эки кинокомпаниянын ортосундагы макулдашууларга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.