Балдар тумоолоп, ооруканага көп түшүүдө, бирок эпидемия эмес
Бишкек шаарында балдар тумоолоп ооруканага түшкөн учурлар көп, бирок аны эпидемия деп эсептебейбиз. Бул туурасында №3 Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Дарыгер ата-энелер тумоологон балдарды бейтапканага алып барып көрсөтпөгөндүктөн пневмонияга өтүп кеткен учурлар бар экенин да айткан.
«Мисалы, кечээ (22-май – ред.) 350 бала келди. Бардыгынын эти ысып, жөтөлүп, мурдунан суу агып түшүп жатышат. Тилекке каршы, ата-энелер баланы 3-4 күндөп үйдө кармап жатып алып, оору өтүшүп, пневмонияга айланып кеткен учурлар көп катталууда. Андыктан ата-энелерге бала ооруса дароо бейтапканага алып баруу зарылдыгын айтар элем», — деген Маманов.
Башкы дарыгер анткен менен бул көрүнүш эпидемия эместигин белгилеген. Оорунун арбышына аба ырайынын улам өзгөрүп, шаардагы, анын четиндеги конуштарда калктын санынын өсүшү себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.