Бүгүн, 23-майда Өзбекстандын Джизак шаарында өтүп жаткан Азия чемионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан жалпы 6 алтын жана 1 коло, жалпы 7 медаль жеңди.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында 60 кг салмакта Роман Сапаров, 70 кг салмакта Марлен Абдурасулов, 80 кг салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондору аталышты.

Белгилей кетсек, бүгүн “Алыш” күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүүдө.