2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик кагылышуусунда жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген 13 миллион сомдук кредит жоюлат. Бул тууралуу мыйзам долбоор бүгүн парламентте кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, тажик тараптын кол салуусунан зыян тарткан 75 ишкерге 0,1 пайыздык үстөк менен 200 миң сомдон насыя 3 жылдык мөөнөткө берилген. Жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

Мындай чара олуттуу зыянды эске алуу менен ишкерликти тез арада калыбына келтирүү максатында жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгына байланыштуу сунушталган.

Демилгени министрлер кабинети көтөргөн.