Коом

Таш-Көмүрдө динозаврлардын калдыктары табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын түштүк тарабынан мезозой заманындагы динозаврлардын калдыктары табылды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын кызматкери Жумакадыр Карамолдоев билдирди.

Анын айтымында, динозаврдын шыйрагынын узундугу 63 сантиметрди түзгөн. Сүрөттө жандыктын омурткалары дагы көрсөтүлгөн.

Мезозой заманына таандык болгон динозаврдын 63 сантиметрлик шыйрагы менен омурткасы Таш-Көмүр шаарында табылган.

Буга чейин 1966-жылы да Таш-Көмүрдөн алыс эмес жерде динозаврдын калдыктары табылган. 2000-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр — бул зауроподдун (кескелдирик түрдүү чөп жеген динозавр) сөөктөрү экенин аныктаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button