Коом
25-майга карата аба ырайы
Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +11…+16, ал эми Нарында +12…+17 градус болот.
Бул күнү Ошто түнкүсүн жамгыр жаап, Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +21…+23, Ошто +25…+27 градуска жетет.