Коом
Бишкекте жумушу жок жүргөндөр стипендия төлөнчү курстардан окуй алат
Бишкектеги Иш менен камсыз болууга көмөктөшүү башкармалыгы жумушсуздарды акысыз курстардан окууга чакырат.
Бардыгы болуп 60 адистик боюнча билим алууга болот. Негизгилери төмөнкүдөй:
-IT-технология;
-тикмечи, бычмачы;
чачтарач, укалоочу, маникюр чебери, лешмейкер;
-тил курстары:
-бухгалтердик эсеп (МСФО) + 1С программа: бухгалтерия;
-айдоочулар;
-куруучулар.
Окуу мезгилинде стипендия төлөнөрү айтылды.
Курска жазылуу үчүн паспорт, эмгек китепчеси жана билими тууралуу документ керек.
Кененирээк маалыматты райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнөн алууга мүмкүн:
Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмдөрү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет, тел.: (0312) 30-36-86, 30-37-44;
Октябрь жана Свердлов райондук бөлүмдөрү: Токтогул көчөсү, 43, Гоголь көчөсү менен кесилишет тел.: (0312) 43-47-65.