Кыргызстанда 5 жылдын аралыгында тарыхый-маданий эстеликтерди калыбына келтирүүгө жана оңдоп-түзөөгө 500 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

Анын маалыматына караганда, каржылоо республикалык бюджеттен, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын колдоосу аркылуу тартылат.

«Бизде 2 миң 400гө жакын тарыхый-маданий объекттер бар. Аларды изилдеп, калыбына келтирип, алдыга жылдыруу керек. Министрлик программа иштеп чыкты, ага ылайык, 5 жылдын ичинде эстеликтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн аларды реставрациялоого жана иретке келтирүүгө 500 миллион сом бөлүнөт», — деди министр.

Максутов билдиргендей, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Сулайман-Тоону калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

«Өзгөндө музей салынат. Курулуш иштери быйыл башталат. Ал эми жакында Ошто көркөм галереяны ремонттоо иштери башталат», — деп кошумчалады ал.