Бишкекте бассейндер текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курамына Ленин райондук акимчилигинин, Муниципалдык аймактык башкармалыктын, райондук милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кирген комиссия «Дельфин», «Фламинго», «Парус», «Деңиз», «Максимум», «Ак-Кеме» бассейндерин текшерди.

Текшерүү учурунда «Дельфин», «Палус», «Дениз» бассейндеринин куткаруучуларында документтери, тактап айтканда, суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген сертификат жана квалификациялык сертификаттары жок экендиги аныкталган. Комиссия аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча акт түздү.

Ал эми «Фламинго» жана «Ак-Кеме» бассейндери иштебей турган. Комиссия суу объектилеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.