Коом

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Сынакка 35 жашка чейинки жарандар катыша алат. Жеңүүчүлөргө диплом, төш белги жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылары айтылды.

Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча ыйгарылмакчы:

«Адабият жаатындагы мыкты чыгарма»;

«Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма»;

«Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик»;

«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)»;

«Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор»;

«Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы»;

«Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссёрдук, операторлук жана актёрдук иштер)»;

«Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш»;

«Экономика, бизнес менен меценаттык жааттагы мыкты жетишкендик»;

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик»;

«Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн».

Сынакка катышууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 10-августуна чейин документтерин Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан Маданият министрлигине тапшырса болот.

Сурап-билүү телефондору: 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button