Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады.

Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.

Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:

«Президенттин командасы» – «Спорт жылдыздары»;

«Коопсуздук» – «Ыйман»;

«Спорттук федерациялар» – «Достук»;

«Өнөр» – «Ден-Соолук».

Эртең, 28-майда «Газпром- балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.

Оюндарды УТРК түз эфирде көрсөтөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, турнирди көрүүнү каалагандардын бардыгы үчүн «Газпром — балдарга» спорт комплексине кирүү акысыз.