Коом
Лейлектин Максат айылына бийиктиги 40 метр болгон Кыргызстандын туусу орнотулду. Сүрөт
Баткен облусунун Лейлек районун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылына бийиктиги 40 метр болгон Кыргызстандын туусу орнотулду. Туу орнотуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулу Абдикарим Алимбаев жана жергиликтуу тургундар катышты.
Чек аралаш Максат айылына туу орнотууну Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Рахманкулов демилгелеп, ишкерлер Исманали Жороев жана Адылбек Абдыкадыровдор демөөрчүлүк кылышкан.
Эскерте кетсек, Исманали Жороев буга чейин да жеке каражатына Раззаков шаарынын борбордук бөлүгүнө туу орноткон.