Ленин округундагы шайлоону кол менен санагандагы жыйынтык
ЖКнын депутаттык жарышында Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунан берилген добуштарды кол түрүндө эсептегенде да Дамира Ниязалиева утуп чыкты. Жыйынтык АСУнун эсеби менен анча көп айырмаланган жок.
Sputnik Кыргызстан БШКнын маалыматына таянып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 30 талапкердин кимиси канча добуш алганын окурмандарга сунуштайт. Ленин районунда катталган 124 908 шайлоочунун ичинен добушун 17 423ү гана берип, 13,95 пайызы катышкан.
Талапкерлердин алган добушу, кашаанын ичинде пайыздык көрсөткүчү:
1.Дамира Ниязалиева — 6 249 (35.86 пайыз);
2.Улан Сариев — 2 070 (11.88);
3.Эртай Искаков — 1 317 (7.56);
4.Акыл Айтбаев — 991 (5.69);
5.Илимбек Аттокур уулу — 900 (5.16);
6.Өмүрбек Суваналиев — 867 (4.98);
7.Муктарбек Айткулов — 748 (4.29);
8.Данияр Тербишалиев — 476 (2.73);
9.Равшан Жээнбеков — 405 (2.32);
10.Руслан Бекназаров — 404 (2.32);
11.Турсунбай Бакир уулу — 380 (2.18);
12.Баарына каршы — 376 (2.16);
13.Салтанат Сагидаева — 326 (1.87);
14.Айбек Субанов — 286 (1.64);
15.Темир Эмилов — 211 (1.21);
16.Ажыбек Касмалиев — 209 (1.20);
17.Максат Кунакунов — 205 (1.18);
18.Андрей Скорняков — 171 (0.98);
19.Элдар Мадылбеков — 120 (0.69);
20.Таалайкүл Айдаралиева — 151 (0.87);
21.Мирлан Камбаров — 90 (0.52);
22.Аким Маликов — 68 (0.39);
23.Бактыбек Рысалиев — 60 (0.34);
24.Акин Токталиев — 57 (0.33);
25.Илгиз Сарылдык Уулу — 44 (0.25);
26.Эркин Булекбаев — 39 (0.22);
27.Карачач Исмаилова — 34 (0.20);
28.Кубанычбек Макешов — 28 (0.16);
29.Бакыт Керимбеков — 24 (0.14);
30.Гүлшат Тазабекова — 17 (0.10);
31.Бактыбек Мураталиев — 0.