Коом

Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда

Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат — учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде.

Үзгүлтүксүз каттамдар Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу аткарылмакчы.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button