Орто-Сай базарын Бишкектин сыртына жылдыруу сунушталды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди.

Ал белгилегендей, Ош жана Орто-Сай деген эки базардын жанынан өтүүгө мүмкүн эмес.

«Орто-Сай» базарынын Бишкектин сыртына алынышы шаар тургундарына ыңгайлуу болот», — дейт Казыбек Эргешов.

Белгилей кетсек, депутаттар ар кандай багыттагы объектилерге жер тилкелерине ижарага укук берүүгө мораторийди узартуу маселесин карап жатышат.