Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар: Исманалиев Бактыбек — Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа — Ляля (Lya-Lya).

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров “D Billions – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чикки, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялянын кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, — деди Акылбек Жапаров.

“D Billions” командасынын мүчөлөрү министрлер кабинетинин башчысына Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, алдыдагы чыгармачылык пландары менен бөлүшүп, атап айтканда, кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турнесин өткөрүү тууралуу бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” “D Billions” командасын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

МинКаб Башчысы чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.