Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы капсула салынышы пландалып жаткан шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткендигин айтты.

 

«Асман шаарынын долбоору даяр болуп калды. 30-июнда кутучасын салабыз. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт деп пландоодобуз. Аянты 4 миң гектарды түзөт», — деди президент.

Садыр Жапаров Асман шаарын тыштан келген инверсторлор саларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, президент буга чейин «Кабар» агенттигине берген маектеринин биринде шаар сөзсүз салынарын жана анын келечеги кең экендигин билдирген болчу.