Мындан ары коррупционерлер жеген акчаны 5 же 10 эселеп кайтарат. Ал үчүн атайын мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди.

Президент чогулган элдин алдында сүйлөп жатып, жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды. Ал Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражатына курулган «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктун мисал келтирди.

«Мындан 1,5 ай мурун Тамчынын аэропортунан кайрылып эле жолдун жээгиндеги дааратканага окшогон аялдаманы көрдүм. Чалып, ким жана канча каражатка кургандыгын сурадым. Башкы прокуратура үч күндөн кийин аялдамаларды курууга 840 миң сом коротулгандыгын билдирди. Аны фонддун акчасына айыл өкмөт куруптур. Аны мен 40 миң сомго да курбайт болчумун, 20 миңге куруп коет элем. Аталган ишке байланыштуу күнөөлүүлөр камалышты, зыянды эки эселеп төлөп жатышат», — деп баса белгиледи президент.

Жапаров аялдамалар кайрадан курула тургандыгын билдирди. Эскизи даярдалууда. «Аларды курууга 328 миң сом сарпталат экен. 5 күндөн кийин ары-бери өткөндө ошол аялдаманы көрүп, мурунку менен салыштырасыңар», — деп, ушундай көрүнүштөрдөн улам өлкө өнүкпөй келгендигин кошумчалады.

Президент дагы бир мисал келтирип, Таласта балдар аянтчасын курууга 4 млн 800 миң сом жумшалгандыгын билдирди.

«Ал жерге 800 миң сом да кетпейт эле. Алар да камалып, 5-6 млн сомдон төгүп жатышат. Ал жерди да жасап, канча акча кетерин көрсөтөбүз», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы эми мындай көрүнүштөргө жол берилбей тургандыгын айтып, бул жергиликтүү бийлик үчүн эскертүү экендигин кыйытты.

«Бул министрлик, өкмөттүк кызматкерлерге да тиешелүү. Бүгүнкү мыйзамдар боюнча уурдалган акчанын өзүн же болбосо эки эсе кайратасың деген эле беренелер бар. Мындан ары мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз. 5-10 эселеп зыяндын ордун кайтармайын түрмөдөн чыгарбайбыз деген нормаларды киргизели деп жатабыз», — деп баса белгиледи президент.