Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго тагылган айыпты изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Бүгүн башкы прокурор депутатты Кылмыш-жаза кодексинде каралган төрт берене боюнча кылмыш жасаганы үчүн жоопко тартууга макулдук сурап кайрылган.

«Бул жерде азыр эле депутат Мадумаровго «макул» же «жок» деп добуш берип коюу эмес, биз регламенттин негизинде сунуш келгенде 48 сааттын ичинде комиссия түзүүгө милдеттүүбүз. Анан алар башкы прокурор койгон беренелер туурабы же жокпу аныкташат. Ошондо гана чечилет. Коомчулукта башкача түшүнүк болуп калбасын», — деди спикер Нурланбек Шакиев.

Депутаттык комиссиянын курамы:

Кундузбек Сулайманов — «Ата журт Кыргызстан» фракциясы;

Карим Ханжеза — «Мекенчил» депутаттык тобу;

Мирлан Самыйкожо — «Элдик» депутаттык тобу;

Миргүл Темирбаева — «Ишеним» фракциясы;

Мурадил Сыдыков — «Ынтымак» фракциясы;

Фарходбек Алимжанов — «Альянс» фракциясы;

Гуля Кожокулова — «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы;

Динара Ашимова — «Ыйман нуру» фракциясы;

Белгилей кетсек, былтыр да март айында башкы прокурор Адахан Мадумаровду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап, жоопко тартууну сунуштаган. Бирок депутаттык комиссия ага макулдук берген эмес.