Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарованын дарегине туура эмес, жалган маалыматтар айтылууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Орунбеков жалган маалымат таратып жаткан аялдын сүрөтүн жарыялады.

«Сүрөттөгү жаран биринчи айым Таласка келип саан уйларды тараткан, аны жакыр жашагандарга эмес, байларга бериптир деп айтып жатат. Бул тууралуу тактоо киргизип коелу, саан уйларды Айгүл Жапарова эмес, ошол аймактагы колунда бар адамдар тарабынан берилгенин билдиребиз.

Биринчи айым Айгүл Жапарова фонд тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам берген. Андыктан, төмөндөгү жарандын таратып жаткан жалган маалыматына ишенбеңиздер», — деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунун Айтматов районунда жашаган көп балалуу төрт үй-бүлөдөн кабар алган.