Экономика

«Газпром» бюджетке 2 млрд сомго жакын салык төлөдү

 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун салык төлөмдөрү 1,9 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча компаниянын салыктык чегерүүлөрүнүн көлөмү, анын ичинде Социалдык фондго төлөмдөрдү кошо алганда 1 млрд 929 млн сомду түздү.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялардын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 млрд 205 млн сомдон ашты.

«Газпром» компаниялар тобу иштеп баштаган мезгилден бери КР мамлекеттик бюджетине 62 млрд 98 млн сомдон ашуун каражат которулган, ал эми өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 40 млрд 443 млн сомдон ашты.

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун иштешинин маанилүү принциптеринин бири бизнести ачык-айкын жүргүзүү болуп саналат, анын эң маанилүү бөлүгү болуп өлкө бюджетине бардык белгиленген салыктарды өз убагында төлөө эсептелет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында «Газпромдун» үч компаниясы иштеп жатат:

— «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргызстандын аймагында газ ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат;

— «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

— «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button