2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-майында УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу КР жарандары кармалды.

Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле КР ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды.

Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.