1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаарында балдар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Облустук Апаз Жайнаков атындагы драма театрында өткөн салтанатка КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, балдарга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана кең келечек каалады.

Майрамдык салтанатта таланттуу балдардын ыр бийлери тартууланып, иш чарага келген балдарга демөөрчүлөр тарабынан белектер, таттуулар таратылды.

Бул күнү шаардын борбордук аянтында балдар үчүн сүрөт тартуу жана спорттук иш чаралар да уюштурулду.

Майрамдын алкагында Октябрь кинотеатрында балдарга арналган тасмалар көрсөтүлүүдө.

Ал эми Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунун тарбиялануучуларына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн белектери тапшырылды.