Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өз кезегинде Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.